2026-03-27
2026-жылдын 24–26-март күндөрү КТМУда “Евразия тарыхын, тилин жана маданиятын изилдөө симпозиуму” өткөрүлдү. Симпозиум Түркия Республикасынын Ататүрк маданият, тил жана тарых Жогорку Кеңеши, Түрк тарых коому, Кыргыз-Түрк Манас университети жана Анкара университетинин кызматташуусу менен уюштурулду. 2026-жылдын 24-мартында башталган симпозиумдун ачылыш аземи КТМУнун ректору проф. др. Алпаслан Жейлан, Түрк тарых коомунун төрагасы проф. др Юксел Өзген, Анкара университетинин Тил жана тарых-география факультетинин деканы проф. др Ирфан Албайрак жана КТМУнун Тарых бөлүмүнүн окутуучусу проф. др Анварбек Мокеевдин катышуусунда өттү. Проф. др Жейлан Түрк тарых коомунун маанисине жана жүргүзгөн иштерине токтолду. Ал үч тараптын салымы менен уюштурулган бул маанилүү симпозиум тарых илимине жана түрк дүйнөсүнө баалуу салым кошот деген ишенимин билдирип, уюштуруучуларга ыраазычылык айтты.Түрк тарых коомунун төрагасы проф. др Юксел Өзген ачылыш жыйынында мекеменин ишмердүүлүгү, түрк дүйнөсүнө багытталган иштери жана глобалдык көз карашы тууралуу маанилүү пикирлерин билдирди. Анкара университетинин Тил жана тарых-география факультетинин деканы проф. др Ирфан Албайрак факультет тууралуу маалымат берип, түрк мамлекеттеринин ортосундагы академиялык кызматташуунун маанисин баса белгиледи. Проф. др Анварбек Мокеев кыргыз тарыхы башка түрк элдеринин тарыхы менен тыгыз байланышта экенин белгилеп, көз карандысыздык алынгандан кийинки Кыргызстандагы тарых илиминин абалы жана Манас университетинде жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөр тууралуу айтып берди.
Симпозиумга түрк дүйнөсүнөн өз тармагында адис болгон илимпоздор катышып, Евразия аймагынын тарыхы, тили жана маданияты боюнча ар түрдүү темалар каралды. 24–25-март күндөрү өткөрүлгөн программада түрк дүйнөсүнүн тарых изилдөөлөрүндөгү жазма булактар жана археологиялык материалдар; түрк дүйнөсүнүн маданий мурасынын келечеги жана санариптештирилиши; түрк дүйнөсүнүн тарыхында байыркы доордон бүгүнкү күнгө чейинки көчүүлөр; түрк тилин изилдөөнүн өтмүшү, бүгүнкү күнү жана келечеги; байыркы түрк илимдери жана түрк дүйнөсүнүн келечеги темалары боюнча 50дөн ашык баяндама жасалды. Ошондой эле иш-чаранын маданий программасынын алкагында 2026-жылдын 26-мартында симпозиумга катышкан окумуштуулар Ата-Бейит мемориалдык комплекси, Бурана (Баласагын) шаарынын урандылары жана Улуттук тарыхмузей сыяктуу Кыргызстандын маанилүү тарыхый жана маданий жайларын кыдырып чыгышты. Кыргызстандын Улуттук тарых музейине болгон сапарга Түркия Республикасынын Бишкектеги элчиси доктор Мекин Мустафа Кемал Өкем жана Кыргыз-Түрк Манас университетинин ректору проф. др Алпаслан Жейлан да катышты. Сапардын алкагында КТМУнун ректору проф. др Алпаслан Жейлан тарабынан Кыргызстандын Улуттук тарых музейине китеп белек кылынды.



