2026-04-16


«Алтын уя» балдар үйүнө зыярат


2026-жылдын 9-апрелинде социалдык жоопкерчилик иш-чараларынын алкагында гуманитардык факультеттин тарых бөлүмү тарабынан “Алтын Уя” балдар үйүнө зыярат уюштурулду. Тарых бөлүмүнүн окутуучусу доц.м.а. Зухра Алтымышова жана бөлүмдүн докторанты Осмон Йылмаз «Алтын Уя» балдар үйүнүн башкы офисине барышып, жетекчилик жана ал жерде окуп жаткан балдар менен баарлашып кайтышты.

“Алтын Уя” балдар үйү 2006-жылы ачылган. Азыркы кезде балдар үйүнүн Кыргызстан боюнча эркек жана кыз мектебинен турган 2 филиалы бар. Келечекте аталган балдар үйүнүн дагы кошумча филиалдарын куруу пландалууда. Балдар үйүнүн эки мектебинде социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөрдөн 6-7-8-9 класстын окуучулары окуйт. Мектептерде министрликтин окуу программасына ылайык светтик билим берилет, бул сабактар менен бирге адеп ахлак, ыйман боюнча сабактар окутулат.