2026-10-28
2026-жылдын 25-сентябрында тарых бөлүмүнүн студенттерине «Манас» эпосунда кыргыздардын байыркы мекенинин чагылдырылышы» аттуу семинар болуп өттү. Семинарда профессор, доктор Муратбек Кочобеков «Манас» эпосунда кыргыздардын байыркы мекени кандайча чагылдырылганы тууралуу баяндама жасады. Баяндамада эпостогу кыргыздардын тарыхый мекени, анын географиялык мейкиндикте чагылдырылышы жана бул маалыматтардын кыргыз элинин тарыхый эс тутумун түшүнүүдөгү мааниси тууралуу кеңири сөз болду. Иш-чара студенттердин кыргыз элинин маданий мурасын жана «Манас» эпосунун тарыхый маанисин тереңирээк таанып-билүүсүнө өбөлгө түздү. Семинардын жүрүшүндө студенттер тема боюнча өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, аларга жооп алышты.
