2023-10-26

IV - Эл аралык котормо жана анын келечеги симпозиуму


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Гуманитардык факультетинин Синхрондук котормо бөлүмү тарабынан 2023-жылдын 19-20-октябрь күндөрү Түркия Республикасынын негизделгенинин 100 жылдыгы урматына карата «Котормо жана анын келечеги» аттуу Эл аралык симпозиум өткөрүлдү.

Симпозиумдун ачылышына Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору Проф. Др. Алпаслан Жейлан, Биринчи проректор э.и.к. Бактыгүл Каламбекова, проректор Проф. Др. Мехмет Сезаи Түрк, Гуманитардык факультетин деканы Проф. Др. Алпаслан Ашык, Борбордук Азия Америка университетинин окутуучусу Проф. Др., Уулкан Камбаралиева, Россиядагы Курск мамлекеттик медициналык университетинин доценти Олеся Раздорская, Кыргызстан котормочулар ассоциациясынын төрайымы Гүлзада Тенисбек кызы сыяктуу кадырлуу катышуучулар жана окумуштуулар катышты.

Симпозиумда: котормонун жалпы теориялык жана практикалык маселелери; котормо жана маданият аралык байланыш; тектеш тилдерден которуу маселелери; чет тилдерден которуу маселелери; котормодо жаӊы багыттар; котормодо жаӊы технологиялардын колдонулушу сыяктуу негизги темалар алкагында Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Россия жана башка өлкөлөрдөн окумуштуулар илимий билдирүүлөрү менен катышып, котормочулукка байланыштуу жаңы өзгөрүулөр жана анын актуалдуу көйгөйлөрү талкууланды.