Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультетинин деканаты студенттерге багытталган башкаруу ыкмасына ылайык, 2026-жылдын 2-5-февралында Филология, Философия, Тарых жана Түркология бөлүмдөрүнүн студенттери менен жолугушту.
Гуманитардык факультетинин деканы, профессор, доктор Алпаслан Ашык катышкан жолугушууларда факультетте жүргүзүлүп жаткан окуу процесстери ар тараптуу талкууланды.
Студенттердин пикирлерин, суроо-талаптарын жана баалоолорун түздөн-түз алуу максатында өткөрүлгөн жолугушууларда курстун түзүлүшү, академиялык күтүүлөр жана факультеттин шарттары боюнча өз ара баалоо жүргүзүлдү. Жолугушууларда студенттер факультеттин материалдык-техникалык базасына канааттануусун, учурдагы окуу процесси боюнча пикирлерин жана жакшыртуу боюнча сунуштарын билдирүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Өз ара кеңешүү чөйрөсүндө өткөн жолугушууларда студенттердин пикири факультеттин институционалдык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошору баса белгиленгени менен, гуманитардык факультеттинин деканы, профессор, доктор Алпаслан Ашык студенттерден алынган пикирлер жана сунуштар факультеттин жетекчилиги үчүн жол көрсөткүч болуп саналаарын жана мындай жолугушуулар үзгүлтүксүз улантыла берерин билдирди.

