2026-жылдын 5-февралында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Гуманитардык факультети болочок студенттерге өз эшигин ачты. Философия бөлүмү тарабынан «Социалдык жоопкерчилик долбоорунун» алкагында уюштурулган тааныштыруу программасы окуучулардын чоң кызыгуусун жаратты. Иш-чарага Бишкек-Анадолу түрк лицейинин жана Бишкек шаарындагы №39 мектеп-гимназиясынын 11-классынын жалпы 86 окуучусу катышты. Университеттин атмосферасы менен жакындан таанышкан окуучулар кампус турмушу жана академиялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат алышты.
Программанын ачылыш сөзүн сүйлөгөн Гуманитардык факультеттин деканы, профессор, доктор Алпаслан Ашык окуу жайдын эл аралык деңгээлдеги ордуна жана сунушталган мүмкүнчүлүктөргө токтолду. Андан соң Философия бөлүмүнүн башчысы, профессор, доктор Жылдыз Урманбетова жаштардын кесиптик өсүүсүндө философиялык ой жүгүртүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бөлүмдүн бүтүрүүчүлөрү өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, окуучуларга кесип тандоо боюнча баалуу кеңештерин беришти.
Университеттин таанытуу тасмасы көрсөтүлгөндөн кийин, Студенттик кеңештин мүчөлөрү окуу жайдагы социалдык жана маданий турмуш боюнча презентация жасашты. Философия бөлүмүнүн студенттери тарабынан даярдалган атайын көрсөтүүлөр катышуучулардын өзгөчө кол чабууларына арзыды. Суроо-жооп бөлүмүндө окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго окутуучулар курамынан түз жооп ала алышты. Программанын соңунда окуучулар кампусту кыдырып, университеттин техникалык базасы менен таанышышты. Бул алкакта Гуманитардык факультеттин лабораториялары (WR жана синхрондук котормо лабораториялары), Манас университетинин археология жана этнография музейи, Борбордук китепкана жана Спорттук комплекстерге саякат уюштурулду.



