2026-03-02

Филология бөлүмүнө жаңы жетекчи дайындалды


Келе жаткан окуу жылында жалпы төрт багыт (программа) боюнча билим бере турган Филология бөлүмүнө 2026-жылдын 19-февралында жаңы бөлүм башчы дайындалды. Гуманитардык факультеттин деканы, профессор Алпаслан Ашык жаңы дайындалган бөлүм башчысы, профессор Чолпон Наймановду кызматы менен куттуктап, иштерине ийгилик каалоо үчүн атайын барып жолукту. Андан соң бөлүмlүн окутуучулар курамы менен жылуу маанайда баарлашуу болуп, жолугушуу эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.