2026-жылдын 10-мартында өткөн Гуманитардык факультеттин Академиялык кеңешинин жыйынына КТМУнун ректору, профессор, доктор Алпаслан Жейлан, КТМУнун башкы катчысы, доцент м.а., доктор Фатих Рамазан Стамбуллугил жана КТМУнун ректорунун кеңешчиси, доцент м.а, доктор Мурат Авжы катышты. Жыйында Гуманитардык факультетин деканы, профессор, доктор Алпаслан Ашык 2025-жылдын жалпы көрсөткүчтөрүн баяндаган кеңири презентация жасады. Презентацияда студенттердин жана окутуучулардын саны, алмашуу программалары, илимий басылмалардын статистикасы жана коомдук кызматтын алкагында факультетте жүргүзүлгөн иш-чаралар тууралуу кеңири маалымат камтылган.
Факультеттин кеңеши тарабынан 2026-жылга коюлган үч негизги максатты, анын ичинде 2026-2027-окуу жылында экинчи адистик боюнча программалардын санын эки эсе көбөйтүүнү белгилеп, Гуманитардык факультеттин деканы факультетте ишке ашырылган инновациялар тууралуу маалымат берди.
КТМУнун ректору, профессор, доктор Алпаслан Жейлан өз кезегинде университеттин илимий басылмалар потенциалына көңүл буруп, салым кошкон окумуштууларга ыраазычылык билдирди. Профессор, доктор Алпаслан Жейлан 2026-жылда басылмалардын санын көбөйтүү керектигин айтып, эл аралык деңгээлде таанылуу процессинде чет элдик мекемелер менен кызматташуунун жана цитаталоо статистикасынын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Жолугушуу каалоо-тилектер билдиргенден кийин топтук сүрөткө түшүү менен аяктады.




