2026-03-30

Евразия тарыхы, тили жана маданиятын изилдөө симпозиуму өттү


Евразия тарыхы, тили жана маданиятын изилдөө симпозиуму 2026-жылдын 24-26-мартында Ататүрк маданияты, тили жана тарыхы жогорку коому, Түрк тарых коому, Кыргыз-Түрк «Манас» университети жана Анкара университети менен биргеликте уюштурулган. Түркиянын алдыңкы университеттеринин окумуштууларынын жана кыргыз окумуштууларынын олуттуу катышуусун камтыган иш-чарада 10 сессияда негизинен тил, тарых, археология жана география сыяктуу көптөгөн тармактарды камтыган баяндамалар жасалды. Эки күндүк илимий сессиялардын жүрүшүндө Евразия географиясынын тарыхый тереңдиги, тилдик катмарлары жана маданий уланмалуулугу жазма булактардан археологиялык табылгаларга, миграция тарыхынан санариптик мурастарды изилдөөгө чейин кеңири көз караштан талкууланды. Симпозиумдун акыркы күнүндө катышуучу окумуштуулар Бишкектеги жана анын айланасындагы тарыхый жерлерди кыдырышты. Бул алкакта Ата-Бейит мемориалдык комплексине, Бурана (Баласагун) археологиялык жайына жана Кыргызстандын Улуттук тарых музейине барышты.