2026-жылдын 24-26-мартында Ататүрк маданият, тил жана тарых жогорку коому, Түрк тарых коому, Кыргыз-Түрк «Манас» университети жана Анкара университети менен биргеликте уюштурулган "Евразия тарыхы, тили жана маданиятын изилдөө симпозиумунун" алкагында маанилүү эки тараптуу жолугушуу өткөрүлдү. Симпозиумдун алкагында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультети менен Анкара университетинин тил жана тарых-география факультетинин ортосунда жаңы академиялык кызматташтык процессинин пайдубалы түптөлдү. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультетинин деканы, профессор доктор Алпаслан Ашык, Анкара университетинин тил жана тарых-география факультетинин деканы, профессор доктор Ирфан Албайрак жана эки факультеттин окутуучулары катышкан жолугушууда окумуштуулар бири бири менен таанышып гуманитардык илимдердин азыркы абалын талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Эки факультеттин декандары өз мекемелеринин ресурстарын жана биргелешкен илимий иш-чаралардын потенциалын талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында, кызматташуунун алкагында жасала турган конкреттүү кадамдарды тактоо үчүн кийинчерээк онлайн жолугушуу өткөрүү чечими кабыл алынды.
