Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) Гуманитардык факультетинде бөлүмдөрдүн учурдагы абалына баа берүү жана келечектеги өнүгүү багыттарын аныктоо максатында SWOT-анализди баалоо жыйыны өттү.
Гуманитардык факультеттин деканы, профессор Алпаслан Ашыктын төрагалыгында өткөрүлгөн жыйынга декандын орун басары, доц.м.а. Лейла Бабатүрк, КТМУнун Стратегиялык кеңешинин мүчөсү, профессор Гөкхан Өзер жана факультеттин бардык бөлүм башчылары катышты.
Жыйындын алдында ар бир бөлүм тарабынан жүргүзүлгөн алдын ала изилдөөлөр жана SWOT-анализдер деталдуу түрдө каралып, бирдиктүү комплекстүү отчет болуп түзүлдү. Кафедра башчылары өз бөлүмдөрүндөгү байкоолору, аныкталган маселелер жана сунуштары менен бөлүшүп, жолугушуу жигердүү пикир алмашуу жана акыл чабуулу форматында өттү.
Жыйында факультеттин учурдагы абалы төрт негизги критерий боюнча бааланды: күчтүү тараптары, алсыз тараптары, мүмкүнчүлүктөр жана коркунучтар. Талкуулоо адегенде факультеттин деңгээлинде, андан соң университеттин жалпы стратегиясына шайкеш келтирүү менен комплекстүү мамиледе жүргүзүлдү.
Бул комплекстүү SWOT-анализи бөлүмдөрдүн азыркы абалын объективдүү чагылдыруу менен бирге, факультеттин жакынкы келечекке карата стратегиялык өнүгүү пландарын түзүүдө да өзгөчө мааниге ээ экендиги баса белгиленди.