2026-10-02

Гуманитардык факультетинде «Эл аралык котормочулар күнү» жогорку деңгээлде белгиленди


Гуманитардык факультетин Синхрондук котормо бөлүмү тарабынан 2026-жылдын 1-октябрында «Эл аралык котормочулар күнүнө» карата майрамдык иш-чара уюштурулду.

2026-2027-окуу жылында бөлүмгө жаңы кабыл алынган 1-курс студенттери үчүн даярдалган атайын таанышуу видеоролиги менен башталган программа ыр-бий жана көркөм окуу номерлери менен коштолду. Бөлүмгө жаңы келген студенттер арасында кызыктуу викторина өткөрүлүп, курч атаандаштык орун алды. Викторинада алдыңкы 3 орунду ээлеген жеңүүчүлөргө эстелик белектер тапшырылды. Окутуучулар менен студенттердин башын бириктирген, жылуу жана достук маанайда өткөн майрамдык кече эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.