2021-12-01


«Депрессия жана андан чыгуу жолдору» темасында семинар болуп өттү


2021-жылы 30-ноябрда Педагогика кафедрасында Ph.D.  Кадиян Бообекова «Депрессия жана андан чыгуу жолдору» деген темада семинар берди. Семинарга Педагогика кафедрасынын бардык окутуучулары, Психологиялык- Педагогикалык кеңеш-кѳмѳк бѳлүмүнүн студенттеринен тышкары башка бѳлүмдѳрдѳ окуп жатышкан студенттер, башка бѳлүмдѳрдүн магистратурасында окуп магистранттар жана докторанттан да катышышты. Түркия Республикасынын түрдүү университтеринде окуган магистранттар да катышканы ѳзгѳчѳ кѳңүл бурдурду.

Айрыкча Түркия Республикасынын түрдүү университеттеринен Психологиялык- педагогикалык кеңеш-кѳмѳк бѳлүмүнүн декандары, Проф.Др. Селахаддин Авшароглу, Проф. Др. Фикрет Гүлачты, Проф. Др. Нилүфер Ѳзабажы, Проф.Др. Эрдал Хамарта, Проф.Др. Рагып Ѳзйүрек сыяктуу мугалимдердин катышканы, семинардын жана теманын маанилүү экендигин кѳрсѳттү.

 Семинарда депрессия деген эмне? Кантип болот? Кандай ѳзгѳчѳлүктѳрү жана симптомдору бар? Кандай түрлѳрү бар? Андан чыгуунун жолдору эмнелер деген суроолордун айланасында сѳз болду. Семинардан кийин темага байланыштуу кѳптѳгѳн суроолорго жооп берилди.