2021-12-14


"Кыргыз-Түрк "Манас" университети айыл мектептери арасында" иш-чарасы уюштурулду


Гуманитардык факультеттин Педагогика бөлүмү салтынан жазбай, айыл мектеп мугалимдеринин кесиптик билимдерин жогорулатуу ишине салымын кошуп келет. Бу сапар мындай иш-чара “Окутуунун натыйжалуулугун арттыруунун актуалдуу маселелери” деген аталыш менен 2021-жылдын 14-декабрында  Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтуна кесиптик билимдерин өркүндөтүүгө айыл мектептеринен келген мугалимдерге арналган. Иш-чара аталган институттун директору п.и.д., доцент Алмаз Токтомаметовдун жана Педагогика бөлүмү башчысы п.и.д., профессор Акматали Алимбековдун ачылыш сөзү менен башталды. Ачылыш сөзүндө университетибиз таанытылып, бул институт менен мындан ары да кызматташуу улана тургандыгы жана бул саамалык өлкө келечеги үчүн өтө маанилүү иш-чара экендигине басым жасалып өттү.

Университетти таанытуу фильми көрсөтүлгөн соң, Педагогика бөлүмү башчысы п.и.д., профессор Акматали Алимбеков «Окуучу жаштарды руханий-адеп - ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиялоо концепциясы» аттуу семинар берди. Анда окуучуларды руханий-адеп-ахлактык жана дене тарбиялоонун актуалдуулугу, мааниси, көйгөйлөрү ж.б. туурасында баяндады. Бөлүмүбүздүн профессору PhD Күршад Йылмаз «Классты башкаруу» темасында семинар берди. Семинарында классты эффективдүү башкаруунун жолдорун ачыктап берди. Доцент PhD Эркан Эфилти «Мектептин коом менен байланышы» аттуу баяндама жасап, мектептин коом ичиндеги орду жана мааниси тууралуу түшүндүрдү. Аты аталган агайларыбыздын семинарын Ага окутуучу Докт. Кадиян Бообекова синхрондук түрдө которуп берип турду жана өзүнүн “Окуучуларда көрүлгөн девианттык жүрүм-турумдар” темасында семинарын сунду. Андан соң, PhD доцент м.а. Явуз Эржан Гүл агайыбыз «Мугалимдин коомдук өзгөрүүлөрдөгү орду жана мааниси» темасында семинарын кыргыз тилинде сунду.

Иш-чаранын аягында институт жетекчилиги семинарды уюштуруу иштерине катышкандарга жана бергендерге ыраазычылык каттарын тапшырды.