2025-12-17
Кыргыз–Түрк “Манас” университетинин Теология факультети тарабынан «Түрк дүйнөсүндө үй-бүлө» темасында уюштурулган II Эл аралык үй-бүлө жана баалуулуктар симпозиуму 2025-жылдын 26-ноябрында Касым Тыныстанов атындагы конференция залында ачылды. Ачылыш жыйынында, педагогика бөлүмүнүн окутуучусу Проф. д-р Акматали Алимбеков «Кыргыздын ырчы акындарынын чыгармаларында үй-бүлөлүк салттык гендердик баалуулуктардын чагылдырылышы» аттуу баяндамасы аркылуу үй-бүлө жана баалуулуктар контекстинде Түрк дүйнөсүнүн маданий көз караштарын сунуштады.
Симпозиумдун алкагында Педагогика бөлүмүнүн башчысы Проф. д-р Йүжел Өксүз «Чексиз балдар: Үй-бүлөлөргө багытталган педагогикалык сунуштар» аттуу доклады сунуп, симпозиумга салым кошту.
