2026-01-25


«Түрк дүйнөсүнүн изилдөөлөрү» аттуу китептин бөлүмү жарык көрдү


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) Гуманитардык факультетинин доценти, д-р Кишимжан Эшенкулова жана Түркиядан доцент, д-р Севинч Ахундованын редакторлугу астында даярдалган «Түрк дүйнөсүнүн изилдөөлөрү» (Türk Dünyası Çalışmaları) аттуу китеп Түркияда басылып чыкты. Китепте Түркия, Өзбекстан, Кыргызстан жана Азербайжандан келген изилдөөчүлөрдүн салымдары менен түрк дүйнөсүнүн тили, адабияты, тарыхы, философиясы жана социологиясы тармактарындагы изилдөөлөрдөн турган жалпы 15 бөлүм орун алган.

Педагогика бөлүмүнүн ага окутуучусу, д-р Кадиян Бөөбекова китепте «Кыргыз тилиндеги лакаптардын жасалышы» аттуу изилдөөсү менен катышты. Бул бөлүмдө кыргыз тилиндеги макалдар менен лакаптардын ортосундагы айырмачылыктар мисалдар менен кеңири талдоого алынган.

Китептин мукабасында азербайжандык сүрөтчү Тариер Беширлинин эмгеги колдонулган. Азербайжандын Килем музейинде сакталып турган жана түрк дүйнөсүнө арналган бул килемдеги белгилер ортоктош маданий баалуулуктарды жана түрк дүйнөсүнүн биримдик идеясын күчтүү чагылдырат.

Эмгеги сиңген редакторлорго жана авторлорго ийгилик каалап, бул эмгектин академиялык коомчулугубуз үчүн пайдалуу болушун тилейбиз.