2026-02-25
2026-жылдын 19-февралында Педагогика бөлүмүнүн окутуучусу, ага окут. докт. Кадиян Бообекова тарабынан №52 мектеп мугалимдери үчүн «Чыр-чатактар жана аларды чечүү жолдору» аттуу тренинг өткөрүлдү.
Окутуунун башында чыр-чатак түшүнүгү жана аны чечүүнүн жолдору тууралуу кыскача маалымат берилди. Семинардын жүрүшүндө мугалимдер топторго бөлүнүп иштеп, интерактивдүү оюндарга жана практикалык тапшырмаларга активдүү катышышты. Мектеп чөйрөсүндө кездешиши мүмкүн болгон чыр-чатактуу кырдаалдар талданып, аларды натыйжалуу чечүүнүн жолдору боюнча талкуулар жүргүзүлдү.
Окутуунун максаты – конструктивдүү баарлашуу көндүмдөрүн, бири-бирин угуу жана өз ара макулдашуу жөндөмүн өнүктүрүү, ошондой эле билим берүү чөйрөсүндө жагымдуу психологиялык климатты сактоо боюнча түшүнүктү кеңейтүү болду. Драма жана ролдук оюндар аркылуу чыр-чатактарды чечүү ыкмалары конкреттүү мисалдар менен көрсөтүлдү.
Мындай иш-чаралар мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө салым кошуп, жамааттык ишти бекемдейт.