2026-04-10


Угуу мүмкүнчүлүгү чектелген жана дүлөй балдар үчүн атайын орто мектеп-интернатына маанилүү сапар


2026-жылдын 2-апрелинде Бишкек шаарында жайгашкан Угуу мүмкүнчүлүгү чектелген жана дүлөй балдар үчүн атайын орто мектеп-интернатына Педагогикалык-психологиялык кеңеш жана көмөк программасынын 2-курсунун 35 студентинен турган топ, Dr. Кадиян Бообекованын жетекчилиги алдында иш сапары менен барышты.

Сапардын алкагында студенттер мектептин жетекчилиги жана мугалимдери менен таанышышты. Алар топторго бөлүнүп, башталгыч, орто жана жогорку класстардын сабактарына катышып, окуу процессин жакындан байкоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул процессте угуу мүмкүнчүлүгү чектелген жана дүлөй окуучулардын сабакка катышуусу, үйрөнүүгө болгон аракеттери жана баарлашуу ыкмалары студенттерге күчтүү таасир калтырды.

Сапардан кийин студенттер мектеп жетекчилиги жана мугалимдер менен жолугуп, өз байкоолору менен бөлүшүп, кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Мектеп жетекчилери жана мугалимдер мектептин тарыхый өнүгүүсү, билим берүү процесси, окуучулардын өзгөчөлүктөрү, ата-эне менен кызматташтык, кесипке багыт берүү жана атайын билим берүү тармагындагы кыйынчылыктар тууралуу кеңири маалымат беришти.

Ошондой эле сапардын жүрүшүндө жатаканада жашаган жана материалдык абалы чектелген окуучулар үчүн даярдалган кийим-кече пакеттери мектеп жетекчилигине тапшырылып, мектептин муктаждыктарына ылайык бир даана принтер камсыз кылынды.

Эмоционалдуу маанайда өткөн сапар эстелик сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды. Студенттер бул тажрыйба алар үчүн абдан маанилүү жана пайдалуу болгонун белгилешти.