2026-04-16
Педагогика бөлүмүнүн башчысы профессор, доктор Йүжел Өксүз тарабынан «Санарип доорундагы мен» темасында семинар өткөрүлдү.
Семинарда санариптешүүнүн инсандын өзүн-өзү кабыл алуусуна жана инсандык образын көрсөтүүсүнө тийгизген таасири каралды. Профессор, доктор Йүжел Өксүз социалдык тармактар инсандыкты көрсөтүү формасын өзгөрткөнүн, адамдар санарип чөйрөдө чыныгы, идеалдуу жана перформативдик «мен» сыяктуу ар түрдүү деңгээлде өздүк образ түзө аларын белгиледи.
Ошондой эле ал санарип чөйрөдө инсандыкты көрсөтүү көбүнчө тандалган жана алдын ала калыптанган мүнөзгө ээ болорун, социалдык тармактардын алгоритмдери адамдын өзүн-өзү кабыл алуусун бекемдөөгө таасир этерин белгиледи. Мындан тышкары, санарип мейкиндик өзүн эркин билдирүүгө мүмкүнчүлүк бергени менен, социалдык салыштыруу, өзүн-өзү баалоонун төмөндөшү жана жалгыздык сыяктуу терс психологиялык кесепеттерди да жаратышы мүмкүн экени айтылды.
Семинарда айрыкча жаштар арасында социалдык тармактарды колдонуу өзүн-өзү кабыл алуу жана дене образына тийгизген таасири талкууланып, санарип дүйнө инсандыкты кайра калыптандыруучу динамикалуу чөйрө экени белгиленди.
Иш-чара катышуучулардын суроолоруна жооп берүү менен жыйынтыкталды.
.jpeg)

