2026-10-08


«Мевлананын насааттары» аттуу семинар өткөрүлдү


Педагогика бөлүмү тарабынан 2026-жылдын 6-октябрында «Мевлананын насааттары» аттуу семинар өткөрүлдү. Семинарды профессор Акматали Алимбеков өткөрдү.

Семинардын ачылыш сөзүн Педагогика бөлүмүнүн башчысы профессор Йүжел Өксүз сүйлөдү. Иш-чарага Педагогика бөлүмүнүн окутуучулары жана студенттери катышты.

Профессор Акматали Алимбеков семинарда Мевлана Жалаладдин Руминин билим берүү, адам жана адеп-ахлак тууралуу көз караштарына токтолду. Презентацияда адамдын өзүн таануусу, билим берүүнүн жана билимдин инсандын өнүгүүсүндөгү ролу, үйрөнгөн билимди иш жүзүндө колдонуу жана адамдын өзүнүн ички өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн ачып билүүсү сыяктуу маселелер каралды.

Семинарда ошондой эле «Месневинин» билим берүү маданиятындагы орду, билим берүүдө жеке өзгөчөлүктөрдү эске алуу, окуучулардын өзгөчөлүктөрүнө жараша мамиле кылуу жана толеранттуулук түшүнүктөрү тууралуу сөз болду.

Иш-чарада Мевлананын Жети осуятынын алкагында жоомарттык, мээримдүүлүк, жөнөкөйлүк, сүйүү жана кечиримдүүлүк сыяктуу баалуулуктар да каралды.

Семинардын жабылыш сөзүн Педагогика бөлүмүнүн башчысы профессор Йүжел Өксүз сүйлөдү жана семинарга кошкон салымы үчүн профессор Акматали Алимбековго ыраазычылык баракчасы тапшырылды.