2024-12-12
2024-жылдын 9-декабрында филология бөлүмүндө мамлекеттик тилдин 35-жылдыгына жана Кыргыз-Түрк Манас университетинин 30-жылдыгына арналган «Билим – жашоо чырагы» аттуу иш-чара болуп өттү. Бөлүмдүн студенттери бул программага активдүү катышып, төмөнкү иш-чараларды уюштурушту: драматург Мар Байджиев тууралуу презентация даярдашты, кыргыз жана түрк тилдеринде ырларды окушту, элдик ырларды айтышып, «Манас» айтып, бийлешип, сахналык көркөм оюндарды көрсөтүштү. Алардын арасында «Бет ашар» жана «Семетей» аттуу көзгө басар кичи-спектаклдер, Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинен эпизоддун оригиналдуу инсценировкасы, кытай тилинде ырдаган, бийчилер тобу менен коштолгон мелодиялык ыр, Мар Байджиевдин «Дуэль» пьесасынын сахнасы, кыргыз жана түрк бийлери, Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналып аткарылган лирикалык ыр, мекенге жана кыргыз тилине арналган акындык ырлар болду. Жыйынтыгында бардык катышуучулар жана көрүүчүлөр «Ала-Тоо» ырын ырдашты. Адабият - музыкалык программа «Билим – жашоо чырагы» филология бөлүмүнүн жаш таланттарын көрсөтүп, тил жана маданияттын чыныгы майрамы болуп өттү.