2026-02-18


СТУДЕНТТИК КОНФЕРЕНЦИЯ «ИЛИМ ЖОЛУ–3»


2026-жылдын 13-февралында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде Эл аралык эне тил күнүнө жана филология бөлүмүнүн башчысы, профессор, филология илимдеринин доктору Бурул Сагынбаеванын 70 жылдык мааракесине арналган «ИЛИМ ЖОЛУ–3» аттуу илимий-практикалык студенттик конференция болуп өттү.

Иш-чарада окутуучулар,студенттер жана ардактуу коноктор болду. Маараке ээсине куттуктоо сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин кеңешчиси Азамат Ташыбекович Сатиев, КТУ «Манас» ректору, проф., док. Алпаслан Жейлан, биринчи проректор саясий и. к., доцент Алмаз Ибраев, ошондой эле гуманитардык факультеттин деканы, PhD, профессор Алпаслан Ашык сөз сүйлөштү.

Алар өз сөздөрүндө Бурул Сагынбаеванын филология илимин өнүктүрүүгө, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого жана илимий мектепти калыптандырууга кошкон олуттуу салымын белгилешти.

Иш-чаранын алкагында филология бөлүмүнүн үч программасынын студенттеринин катышуусу менен майрамдык программа уюштурулду. Студенттер чыгармачылык номерлерди тартуулашты: ырларды жана бийлерди аткарышты, ыр саптарын окушту, комузда ойношту, улуттук маданияттын байлыгын жана эне тилге болгон урмат-сыйды көрсөтүштү.

Конференциянын пленардык жыйынында бөлүмдүн студенттери баяндама жасашты: Айганыш Таалайбекова (англис тили жана адабияты программасы) – «Women’s Autonomy and Resistance in English and Kyrgyz Literary Works»; Айжаркын Турдукожоева (орус тили жана адабияты программасы) – «Быть Человеком – центральный мотив творчества Мара Байджиева»; Бегимай Нурдинова (кытай тили жана адабияты программасы) – «Кыргыз жана кытай тилдериндеги ички сезимди билдирген фразеологизмдер».

Баяндамалардын тематикасы тил илиминин, лингвомаданият таануунун, маданияттар аралык коммуникациянын жана адабият таануунун актуалдуу маселелерин камтыды, анын ичинде көркөм текстти интерпретациялоо, салыштырма талдоо жана адабий чыгармалардын улуттук-маданий өзгөчөлүгүн түшүнүү көйгөйлөрү.

Конференция эне тилдерди сактоонун жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн, ошондой эле университеттин илимий салттарынын мурастуулугун баса белгилеген маанилүү илимий жана маданий окуя болду.

Иш-чара Бурул Сагынбаевага карата жылуу ыраазычылык сөздөрү жана чын дилден куттуктоолор менен жыйынтыкталды. Кесиптештери, студенттер жана конференциянын коноктору маараке ээсине чың ден соолук, мындан аркы илимий жетишкендиктерди, шыктанууну жана кесиптик ишмердүүлүгүндө жаңы ийгиликтерди каалашты.