2026-10-28


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде Кытай маданиятынын фестивалы өттү


2026-жылдын 26-октябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде Кытайдын маданиятын жана салттарын таанытууга арналган Кытай маданиятынын фестивалы өткөрүлдү. Иш-чара студенттерге кытай элинин маданий мурасы менен жакындан таанышууга жана маданияттар аралык байланышты чыңдоого мүмкүнчүлүк түздү.

Фестивалдын программасында Кытай тили жана адабияты тууралуу маалымат, ажыдаар бийи, салттуу музыка жана бийлер, ошондой эле театрлаштырылган көрсөтүүлөр орун алды. Кытайдын “Күз ортосу майрамына ”арналган сахналык көрүнүш аркылуу катышуучулар бул майрамдын тарыхы жана маданий мааниси менен таанышышты.

Мындан тышкары, кытай маданиятына байланыштуу интерактивдүү иш-чаралар жана салттуу оюндар уюштурулуп, катышуучулардын кызыгуусун арттырды.

Кытай тили жана адабияты программасынын окутуучулары менен студенттеринин катышуусунда өткөн фестиваль университеттеги маданий ар түрдүүлүктү колдоого жана элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүүгө багытталган маанилүү иш-чара болду.