«Орус тили жана адабияты» программасы

Тарыхы.  «Орус тили жана адабияты» программасы 2007-2008 окуу жылы ачылып, алгачкы  студенттерди кабыл алган. Аталган программа  531000- «Филология» (Орус тили жана адабияты) багытында бакалаврларды даярдап чыгарат. Окуу программасы мамлекеттик жогорку билим берүү стандартынын негизинде түзүлгөн. Окуу мөөнөтү 4 жыл.

«Орус тили жана адабияты» программасын аяктаган 2 бүтүрүүчү Москва шаарында магистратурада билимин улантып жатат. Мындан тышкары, бүтүрүүчүлөрүбүз өз кесибинде жана башка тармактарда Туркияда, Кыргызстанда жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө  иштешүүдө.  

Максаты. Түрк мамлекеттеринин Россия федерациясы менен болгон экономикалык, маданий, жана саясий байланыштары  орус тилин жана орус маданиятын  мыкты билген адистерге муктаждык жаратууда. Орус тили жана адабияты бөлүмү  ушул жагдайды эске алуу менен ачылган.  Аталаган  программа  орус тилин чет тил катары үйрөнүп жаткан студентерге орус тилинин  грамматикасын  мыкты өздөштүрүргөн,   эркин жазып, сүйлөй билген жогорку квалификациялуу  филолог адистерди даярдап чыгуу  максатын көздөйт.  

Аталган программада окуган студенттер орус тилинин практикалык жана теориялык аспектилерин, элдик оозеки чыгармачылык, орус адабияты, оозеки жана жазуу коммуникациясынын теориясын жана практикасын  үйрөнүшөт.

 «Орус тили жана адабияты» программасын аяктаган  бүтүрүүчү универсалдуу (жалпы илимий, маданий, инструменталдык) жана кесиптик (теориялык жана практикалык) билимге ээ болуп чыгат.