2023-10-30


«Мектептеги бир күн» аттуу семинар


27-октябрь күнү, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультетинин филология бөлүмүнүн орус тили жана адабияты программасында «Мектептеги бир күн» аттуу семинар өткөрүлдү. Анда төртүнчү курстун студенттери № 95 мектеп-гимназияда педагогикалык практикасынын өтүшү жөнүндө отчет даярдашты. Семинарга филология бөлүмүнүн башчысы, профессор, филология илиминин доктору Бурул Сагынбаева, орус тили жана адабияты программасынын бардык курстарынын студенттери жана мугалимдери катышышты. Төртүнчү курстун студенттери өз отчетторунда практика учурунда кездештирген кыйынчылыктары жана ошондой эле ийгиликтери тууралуу айтып беришишти, ар кандай класстар менен иштөөдө топтогон тажрыйбалары менен бөлүшүшүп, калган курстардын студенттерине баалуу кеп-кеңештерин айтышышты.

Иш жүзүндө биздин студенттер кесиптик даярдыктын жогорку деңгээлин жана мектепте орус тили жана адабиятын окутуунун жаңы ыкмаларын колдонуу жөндөмүн көрсөтүштү. Биздин студенттер педагогикалык практиканы ийгиликтүү аякташып, мугалимдерден жана мектеп администрациясынан чоң мактоого ээ болушту. Сүйүктүү студенттерибизге мындан ары дагы ийгиликтерди каалайбыз!











Dosya