2023-11-16


Кош келдин 1-курс!


15-ноябрда Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде гуманитардык факультетинин филология бөлүмүнүн орус тили жана адабияты программасында студенттерге арналган "Кош келдиң, 1-курс!" аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Майрамдык иш-чарага филология бөлүмүнүн башчысы, профессор, филология илимдеринин доктору Бурул Сагынбаева, орус тили жана адабияты программасынын мугалимдери жана бардык курстардын студенттери катышышты. Студенттер кызыктуу конкурстар, ыр жана бий менен коштолгон шаңдуу майрамдык программаны даярдашты. Төртүнчү курстун студенти Элиза Бешубакова улуттук музыкалык аспаптарда: саз жана комузда ойноду.  Майрам жаркын жана эсте каларлык болуп өттү. Биздин ынтымактуу филология үй-бүлөсүнө кош келдиң, биринчи курс!