Илимий-техникалык прогресстин негизинде коомдун бардык тармактарында билимдүү адам ресурстарына болгон муктаждыктар көбөйүүдө. Ушундан улам мамлекеттер тарабынан сапаттуу кадрларды, адам ресурстарын даярдоо үчүн таалим-тарбия жана илим саясатын улам өнүктүрүп туруу аракеттери жасалып жатат. Ал эми сапаттуу кадрларды даярдоо процесси баарынан мурда билим берүү системасынын жаңылануусунан көз каранды.

ХХ кылымдын аягында СССР кыйраган соң, Борбордук Азия эл аралык мамилелерде геосаясий жактан өзгөчө мааниге ээ болуп калды. Ошонун негизинде жаңыча кырдаал түзүлдү. Коомдук өзгөрүүлөрдөн жана өнүгүүлөрдөн улам теоретикалык илимий негиздер өзгөчө мааниге ээ боло баштады. Муну менен бирге Кыргызстанда башка тармактардай эле философия жаатында да жаңыча көз караштарга жана изденүүлөргө жол ачылды. Ошондуктан, заманбап социалдык–маданий өнүгүүдө, асыресе Кыргыз Республикасында жаңыдан телчигип келе жаткан коомдук өнүгүү процессинде көз карашы терең, ар тараптуу ой жүгүртө алган жогорку сапаттагы инсандардын калыптанышы өтө зарыл маселеге айланды. Ушундан улам өлкөбүздө жаңы муундагы адистерди даярдоо үчүн, алардын ургаалдуу өнүгүп жаткан дүйнө жана татаал коомдук түзүлүштөр менен гармонияда болушун камсыз кылуу муктаждыгы келип чыкты.

Жогоруда айтылгандардан улам, философия илимине терең көңүл буруу– замандын талабы экендиги айдан ачык. Ал эми учурдагы философиянын негизги максаты - коомдогу болуп жаткан өзгөрүүлөрдү туура аныктап, талдап, тактап, коомдун келечектеги өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү болуп саналат. Ошондой эле ар кандай кризистик абалга туура талдоо жүргүзө алган, мезгил маселелерине жана талаптарына жооп бере ала турган билимдүү адистерди калыптандыруу да замандын зарыл талабы болуп эсептелет.