2026-02-17
2026-жылдын 5-февралында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультеттин философия бөлүмү тарабынан факультетти жана бөлүмдү таанытуу программасы уюштурулду. Бул программага Бишкек шаарынын Б. Алымов атындагы № 39 Жалпы билим берүү мектебинин бүтүрүүчүлөрү жана Республикалык Кыргыз-Түрк Анадолу лицейинин окуучулары жана мугалимдери катышышты.
Гуманитардык факультеттин деканы PhD проф. Алпаслан Ашык, философия бөлүмүнүн башчысы, ф.и.д., проф. Жылдыз Урманбетова факультетти таанытуу менен бирге окуучуларга каалоолорун айтышты.
Окуучуларга факультеттин багыттары, билим берүү мүмкүнчүлүктөрү, философия адистигинин өзгөчөлүктөрү жана гуманитардык илимдердин коомдогу орду жана мааниси тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле студенттер тарабынан даярдалган программа менен коштолуп, окуучулар менен суроо-жооп форматында жандуу талкуу жүргүзүлдү. Программанын аягында окуучуларга факультеттин лабораториялары, университеттин археологиялык-этнографиялык музейи, китепканалар көрсөтүлүп, кампус менен тааныштыруу болду.