2026-02-20


Семинар: Глобалдуу дүйнө шартында философиянын орду жана өзгөрүшү


 

2026-жылдын 19-февралында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультеттин философия бөлүмү тарабынан уюштурулуп жаткан семинарлар сериясынын алкагында «Глобалдуу дүйнө шартында философиянын орду жана өзгөрүшү» аттуу семинар өткөрүлдү.

 

Философия бөлүмүнүн башчысы, ф.и.д., проф. Ж. Урманбетова баяндама жасады. Семинарда глобалдашуу доорунда философиянын теориялык жана практикалык мааниси кеңири талдоого алынды. Заманбап дүйнөдөгү социалдык-маданий трансформациялардын, санариптик өнүгүүнүн жана дүйнөлүк интеграция процесстеринин философиялык ой-жүгүртүүгө жана аӊ-сезимге кандай таасир тийгизип жатканына басым жасады. Ошондой эле философиянын методологиялык функциясы, коомдук аң-сезимди калыптандыруудагы ролу жана илимдер аралык байланышты өрчүтүүдөгү орду өзгөчө баса белгиленди. Семинарга профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер активдүү катышып тема кызуу талкууга алынды.

 

Семинарда көтөрүлгөн маселелер катышуучулардын аналитикалык ой-жүгүртүүсүн тереңдетүүгө жана глобалдык процесстерди философиялык өңүттөн түшүнүүгө өбөлгө түздү.







Dosya 1