2026-03-31
2026-жылдын 26-мартында Кыргызстан эл аралык университети тарабынан «Санарип адам: гибрид дүйнөдө инсан, коом жана технологиялар» аттуу конференция өткөрүлдү. Бул конференцияга Кыргызстан жана Түркия окуу жайларынан студенттер катышышты. Конференцияга Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Философия бөлүмүнүн студенттери да активдүү катышып келишти. Биздин студенттер «Санараптик доордо маданий эс-тутум жана улуттук идентүүлүктүн ролу” секциясына катышышты.
Философия багытынын магистранты Шайбекова Зарина - «Маданий эс-тутум адамдын улуттук иденттүүлүгүнүн руханий негизи катары»;
4-курсунун студенти Алмазбекова Нагима - «Кыргыз макал-лакаптарынын руханий мааниси жана алардын маданий эс-тутумга таасири»;
4-курсунун студенти Асанбекова Айзат - «Маданий эс-тутум жана улуттук иденттүүлүк: кыргыздардын жети ата салтынын философиялык мааниси»;
4-курсунун студенти Шайлообекова Айжамал - «Үркүн кыргыз элинин тарыхый эс- тутумунун көрүнүшү катары» аттуу темаларда сунум жасашты.
Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар заманбап санариптик доордо маданий эс-тутум, улуттук иденттүүлүк, тарыхый аң-сезим жана руханий мурас маселелерин философиялык өңүттөн талдап, жаштардын көзү менен кызуу талкууга алышты. Конференциянын аягында катышуучуларга сертификаттар ыйгарылды.

