2026-04-02


Семинар: Аристотелдик метафизиканын аксиомалары: кванттык реалдуулуктун контекстинде


 

Гуманитардык факультеттин Философия бөлүмү тарабынан уюштурулуп жаткан семинарлар сериясынын алкагында 2026-жылдын 1-апрелинде саат 15:30да 228-жыйналыш кабинетинде «Аристотелдик метафизиканын аксиомалары: кванттык реалдуулуктун  контекстинде» аттуу илимий семинар өткөрүлдү. Семинарда Философия бөлүмүнүн магистранты Сапарбек уулу Исламбек бул темада баяндама жасады.

 

Семинарда Аристотелдин метафизикасындагы негизги түшүнүктөр заманбап кванттык физиканын айрым маселелери менен байланышта каралып, байыркы философиялык ой жүгүртүү менен азыркы илимий изилдөөлөрдүн ортосундагы байланыштар талкууга алынды. Айрыкча болум жана ойломдун Аристотелдин метафизикасындагы орду, болум жана ойлом тенби же болум ойломдон кененби деген суроонун тегерегинде талкууга алынды. Муну менен бирге болум ойломдон кенен болсо, анда биз болумду толук түшүно алабызбы? Болум ойломдон кенен болсо, болумдун эӊ таза жана улуусу болгон Кудайды тааный алабызбы? Кванттык физикага таянып болум кайрадан каралышы керек болсо, анда метафизикалык маселелерде кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн? сыяктуу суроолорго токтолду.

 

Семинардын катышуучулары темага байланыштуу суроолор беришип, кызуу талкуу жаралды. Семинар философия менен табият таануу илимдеринин өз ара байланышын тереңирээк түшүнүүгө өбөлгө түзүп, катышуучулар үчүн пайдалуу илимий аянтча болуп берди. Мындай семинарлар студенттердин илимий ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, заманбап маселелерге философиялык көз караш менен кароого жана түрдүү тармактардын ортосундагы байланыштарды аңдап түшүнүүгө жакшы мүмкүнчүлүк жаратат деп ойлойбуз.







Dosya 1