2026-04-09
2026-жылдын 8-апрелинде «Бир студенттен – бир китеп» долбоорунун алкагында №39 Б. Алымов атындагы жалпы билим берүү мектебинин китепканасына китеп тапшыруу иш-чарасы өткөрүлдү. Аталган демилге Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультеттин философия бөлүмү тарабынан уюштурулуп, иш-чарага философия бөлүмүнүн башчысы ф.и.д., проф. Жылдыз Урманбетова жана PhD, доц. Кишимжан Эшенкулова жетекчилик кылышты. Бөлүмдүн магистранттары жана студенттери мектеп окуучулары үчүн предметтик сабактарга байланыштуу китептерди сатып алууда, философиялык, көркөм жана илимий эмгектерди топтоодо активдүү катышышты.
Философия бөлүмү тарабынан алып барылган 143 китеп, мектептин педагогикалык кеӊешинде жалпы жамаатка тапшырылды. Белекке тапшырылган ар бир китеп жаш муундардын руханий байышына, ой жүгүртүүсүнүн кеңейишине жана келечекте билимдүү, аң-сезимдүү инсан болуп калыптанышына салым кошот деген ойдобуз.
Бул жылы бөлүмүбүздүн мындай долбоорлорду баштатуудагы негизги максаты – студенттeр менен мектеп окуучуларынын арасындагы мамилени бекемдөө, көпүрө куруу, окуучулардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу, алардын билимге болгон умтулуусун колдоо жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү болуп саналат. Белекке берилген китептер окуучулар үчүн пайдалуу булак болуп, жаңы изденүүлөргө жана чыгармачыл ой жүгүртүүгө түрткү берет деген ишенимдебиз.
Мындай иш-чараларды иш жүзүнө ашырууда активдүү катышкан бөлүмүбүздүн ар бир магистрантына жана студентине, мектептин мугалимдери үчүн колдонмо китептерин жана илимий эмгектерин белек кылышкан университеттин мугалимдерине, ошондой эле колдоо көрсөткөн гуманитардык факультеттин деканатына тереӊ ыраазычылык билдиребиз.


