2026-04-17
2026-жылдын 15-апрелинде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Гуманитардык факультеттин Философия бөлүмү тарабынан уюштурулган семинарлар сериясынын алкагында семинар болуп өттү. PhD, доцент Кишимжан Эшенкулова «Жасалма интеллект жана «шизофрения» коому» аттуу темада баяндама жасады.
Семинарга Философия бөлүмүнүн профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышып, бүгүнкү күндө өзгөчө актуалдуу болуп жаткан Жасалма интеллектин коомдогу орду талкууга алынды. Бандамасында Эшенкулова субъект катары адамдын ордуна, адамдын эӊ жогорку өзгөчөлүгү болгон аӊ-сезимдин формаларына, элементтерине жана функцияларына токтолуу менен бирге, жасалма интеллекттин алгоритмдик абалы, анын адам баласына тийгизген таасири жана анын келечегине көнүл бурду. Азыркы учурдун маанилүү маселесине айланып бара жаткан жана өзүн саясатта жана коомдо көрсөтүп баштаган «шизофрендик» абал гносеологиялык маселе катары каралып, анализдегенге басым жасалды.
Шизофрендик абалды токтотуу же чектөө мүмкүнбү, же болбосо мындай абалдан чыгуунун жолу барбы сыяктуу суроолор үстүндө мугалимдер жана студенттер арасында пикир алышуулар жүргүзүлдү. Студенттер жасалма интеллект тууралуу күнүмдүк жашоодон мисалдарды келтирип, өз сунуштарын жана көз караштарын активдүү түрдө билдиришти. Теманын актуалдуулугу жана талкуунун жандуу мүнөздө өтүшү семинардын маанисин дагы да арттырды.