2026-04-17


Бөлүмдүн студенти республикалык студенттер аралык илимий конференциянын пленардык жыйынында баяндама жасады


 

​Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндөгү Жарлыгына ылайык  2026-жылдын 15-апрелинде И. Арабаев атындагы КМУда «Ааламдашуу доорунда улуттук аң-сезим жана руханий мурас» аттуу ЖОЖдор аралык студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул конференцияга КМУнун илим жана инновациялар боюнча проректору Айгул Чалданбаева, жогорку окуу жайлардын профессор-окутуучулар курамы, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин, Ж. Баласагын атындагы КУУнун, Ош мамлекеттик университетинин, К. Карасаев атындагы БМУнун, И. Ахунбаев атындагы КММАнын, Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун студенттери жана Кытай Эл Республикасынан келген студенттер катышышты.

Конференциянын пленардык жыйынында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Философия бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Абидин Чолпонкулов  ​«Санариптик доордогу маданият индустриясы жана жаштар: социалдык-философиялык анализ» аттуу темада  баяндама жасады. Абидин сунумунда заманбап алгоритмдик социалдык тармактардын коомго тийгизген таасирине терең токтолду. Баяндамада санариптик платформалардагы алгоритмдер колдонуучунун тандоо эркиндигин жана дүйнө таанымын кандайча чектөөгө алып келерин илимий негизде талданды. Өзгөчө, социалдык тармактардагы алгоритмдер жаштардын критикалык ой жүгүртүүсүнө жана улуттук иденттүүлүктүн трансформациясына тийгизген терс таасирлери тууралуу маселелер көтөрүлдү. Чолпонкулов пленардык отурумда студенттердин назарын азыркы учурдагы олуттуу маселелерге бурду.

Конференцияда университеттердин студенттери тарабынан ааламдашуу шартында улуттук аң-сезимдин өзгөчөлүктөрү, кыргыз макал-лакаптарынын руханий мааниси, тарыхый эс-тутум жана "Жети ата" салтынын философиялык мааниси сыяктуу темалар боюнча да сунумдар жасалды.

Конференциянын катышуучулары ааламдашуу жана санариптешүү доорунда улуттук баалуулуктарды сактап калуу үчүн жаштардын критикалык аң-сезимин өстүрүү жана заманбап технологиялык процесстерди терең түшүнүү зарыл деген бирдиктүү жыйынтыкка келишти. Конференциянын аягында уюштуруучулар тарабынан студенттерге сертификаттар ыйгарылды.