2026-05-12
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин демилгеси менен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-декабрындагы №1134-т тескемесинин негизинде бекитилген юбилейлик Ысык-Көл форумун уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын алкагында, 2026-жылдын 23-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин «Бозжол» илимий-изилдөө борборунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин философия бөлүмү жана Жылдыз техникалык университетинин педагогика бөлүмү менен биргеликте уюштурулган «Маданий эс тутум - улуттук иденттүүлүктүн өзөгү катары» аттуу эл аралык семинар болуп өттү.
Семинар Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин «Бозжол» илимий-изилдөө борборунун жыйын залында өткөрүлдү. Семинар кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде жүргүзүлүп, анда маданий эс тутумдун коомдук аң-сезимдеги орду, улуттук иденттүүлүктү калыптандыруудагы мааниси жана глобалдашуу шартындагы трансформациялык процесстер кеңири талкууланды.
Борбордун директору Абдрасулов Саветбек Мисиркулович тарабынан модераторлугу жүргүзүлгөн семинарга Кыргызстандан, Түркиядан, Россиядан окумуштуулар катышышып, баяндамаларында маданий эс тутумду улуттук иденттүүлүктүн негизги фактору катары кайрадан карап чыгуунун, ошондой эле заманбап коомдогу анын ролун философиялык жана педагогикалык өңүттөн аңдоонун манилүүлүгүнө токтолушту. Бул семинарга бөлүмүбүздүн профессордук-окутуучулук курамы жана 3–4-курстун студенттери активдүү катышып, илимий талкууларга өз салымдарын кошушту.


