2026-07-15


ЗАМАНБАП КЫРГЫЗ КООМУНУН СОЦИАЛДЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨРҮ: ЖАШ СОЦИОЛОГДОРДУН ИЗИЛДӨӨЛӨРҮ


2026-жылдын 28-апрелинде И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Тил, коммуникация жана санариптик дипломатияны өнүктүрүүдө жаштардын катышуусу» аттуу I Эл аралык студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү. Илимий жыйынга КТМУнун Гуманитардык факультетинин Социология бөлүмүнүн 4-курсунун студенттери активдүү катышып, кыргыз коомундагы актуалдуу социалдык өзгөрүүлөргө арналган илимий баяндамаларын окушту. 
Конференцияда студенттер заманбап кыргыз коомунда жүрүп жаткан социалдык, маданий жана баалуулук өзгөрүүлөрүн дүйнөлүк социологиялык теориялардын негизинде талдап, илимий көз караштарын ортого салышты.
Социология бөлүмүнүн студенттери төмөнкү темалар боюнча баяндама жасашты:
• Таштанбеков Амантай – «Кыргыз коомунда улуттук иденттүүлүктүн өзгөрүүсү: индивидуализм менен жамааттык жоопкерчиликтин ортосундагы социологиялык анализ (Роберт Белланын концепциясынын негизинде)». 
• Турдалиева Мээрим – «Керектөө коому феномени жана кыргыз коомунда керектөө маданиятынын өзгөрүү тенденциялары (Ж.Бодриярдын жана Зигмунт Баумандын теорияларынын негизинде») 
• Бегимбек уулу Канимет – «Өспүрүмдөрдүн кылмыштары жана коомдук жоопкерчилик». 
• Докторбекова Айкелем – «Суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу боюнча шаардык калктын экологиялык аң-сезими (Бишкек шаарынын мисалында)». 
• Аскарбекова Айзирек – «Ааламдашуу шартында кыргыз жаштарындагы үй-бүлөлүк баалуулуктардын өзгөрүшү (Бишкек шаарынын мисалында)». 
Студенттердин илимий иштерине Социология бөлүмүнүн кенже илимий кызматкери, социология илимдеринин кандидаты Нургуль Сулейманова жетекчилик кылды.
Конференциянын жыйынтыгында студенттердин баяндамалары катышуучулар жана эксперттер тарабынан жогору бааланып, өзгөчө Таштанбеков Амантайдын илимий эмгеги конференциядагы эң мыкты баяндамалардын бири катары белгиленди.
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Социология бөлүмү студенттердин илимий изилдөө жүргүзүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, эл аралык академиялык чөйрөгө активдүү катышуусуна жана заманбап коомдук маселелерди илимий негизде талдоого өзгөчө көңүл буруп келет. Студенттердин бул жетишкендиги бөлүмдүн илимий потенциалынын жана сапаттуу билим берүүнүн дагы бир көрсөткүчү болуп саналат.