АТКАРЫЛГАН СОЦИОЛОГИЯЛЫК ДОЛБООРЛОР

1. ​ЦИВИЛИЗАЦИЯНЫН ПРОЦЕССИНДЕ ТҮРК ДҮЙНӨСҮНДӨГҮ ЭЛДЕРДИН СОЦИАЛДЫК ИДЕНТТҮҮЛҮГҮ (КЫРГЫЗСТАНДЫН МИСАЛЫНДА)

          Совет  мезгилинде  “Биз кимбиз” деген суроого  алынган жооптор  азыркы учурда  ар башка  маанини берүүдѳ.  Ушундан улам  бүгүнкү  күндѳ  Кыргызстандын жарандары  ѳзүлѳрүн кандай  сезишет жана  кандай  коомдо жашоону каалашат?  Чындыгында  Кыргызстандын  изилдѳѳчүлѳрү  бул суроону ачыкка чыгаруу үчүн түрдүү иш-аракеттерди  аткарышып,  ар бири ѳзүнчѳ аталган теманын үстүндѳ  жыйынтык чыгарууга аракеттенишкен.  Бирок буга чейинки  жүргүзүлгѳн  изилдѳѳлѳрдүн  жыйынтыктарына  карабастан аткарылган иштердин жыйынтыктары менен  Кыргызстан калкынын  иденттигин чагылдыруу мүмкүн болбогону менен бирге эле бүгүн  жаӊы перспективалар аркылуу теманы колго алуу муктаждыгы жаралууда. Ушундан улам  социологиялык изилдѳѳнүн негизинде “биз” аттуу теманын  абдан кеӊ болгондугунан улам  даана болбосо дагы жашообуздун кээбир жактарын  алууга жана таанууга  жараган   жана эӊ башкысы  кѳрсѳткүч  катары эсептелген “социалдык кимдик” түшүнүгүн ачууга болот. Изилдѳѳ мамлекет, саясат, улут, кимдик, тил жана дин  сыяктуу темалардын айланасында  Кыргызстандын социалдык кимдик  кѳз карашын ачыкка чыгаруу жагынан мааниге ээ.

Ѳзгѳргѳн жана ѳнүккѳн дүйнѳдѳ ѳзгѳчѳ кыргыз коомунда жана түрк цивилизациясында  пайда болгон кимдик  процесстерин кеӊири масштабда анализ кылуу максатында “Цивилизация шартында түрк дүйнѳсүндѳгү калктардын социалдык иденттүүлүгү: Кыргызстандын мисалында” аттуу социологиялык изилдѳѳ жүргүзүлдү.

2. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ЖАЛПЫ ЖАРАНДЫК ИДЕНТТҮҮЛҮК МАСЕЛЕЛЕРИ (СОЦИОЛОГИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨ)

           Учурда жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө бул темада маанилүү изилдөөлөр жүргүзүлүүдө, ал эми Кыргызстанда бул темада азыркы күнгө чейин ар тараптуу көйгөйлүү маселелерди камтыган илимий эмгектердин таңсыктыгы талашсыз чындык. Ошондуктан бул темада интердисциплинардык ар тараптуу изилдөөлөрдү жүргүзүү муктаждыгы бар. Бул жердеги негизги максат - мамлекеттин мамлекет катары бар болуусунда же туруктуу мамлекет жаратууда индентүүлүктүн канчалык деңгээлде маанилүү ролго ээ экенин тактоо. Муну менен бирге мамлекеттүүлүк концепциясынын толугу менен иштелип чыгуусунда жана ишке ашуусунда идентүүлүктүн, өзгөчө жарандык иденттүүлүктүн калыптандырылышы үчүн керектүү болгон илимий сунуштарды иштеп чыгуу. Максаттарды ишке ашырууда:

  • Өткөөл мезгил шартында жалпы жарандык иденттүүлүктү калыптандыруучу  комплекстүү

программаны иштеп чыгуу;

  • Мекенинин тарыхы, азыркы абалы жана келечеги үчүн бирдей жоопкерчиликти сезе билген, мекенчил, жигердүү жарандын моделине туура келген муунду калыптандыруучу иш-чараларды аныктоо;
  • Өлкөнүн калкын «өз» жана «жат» деп бөлбөгөн, ар бир этностун тарыхын жана маданиятын сыйлаган,  Ата мекенин сүйгөн муунду тарбиялоо;
  • Коомдогу жана дүйнөдөгү окуяларга кызыккан жана туура баа бере алган жигердүү жарандарды калыптандыруу;
  • Өсүп келе жаткан муундун коомго ылайык социалдашуусунун деңгээлин жогорулатуунун моделин сунуштоо;
  • Өнөктөшүн уккан жана уга алган, өзүнүн жана башкалардын пикирин сыйлаган, өнөктөштөрдүн пикирин эске алуу менен өз алдынча чечим кабыл ала билген жарандык позицияны калыптандыруу үчүн керектүү ыкмаларды колдонуу аркылуу маселелерди чечмелөөнүн жолдорун табуу долбоордун баалуулугун жогорулатат.

         Бул долбоордун ишке ашырылышы үчүн өлкө жарандарынын мамлекеттик иденттүүлүк, мекенчилдик, жарандуулук, тилдик, диний, этностук сезимдерин чагылдырган социалдык, экономикалык жана саясий проблемалардын деңгээлин аныктай турган маалыматтар жалпы сурамжылоо, тереңдетилген интервью аркылуу топтолот жана контент-анализ жасалат. Социологиялык изилдөөнүн натыйжасында өлкөбүздөгү калктардын жарандык иденттүүлүк сезимин калыптандыруу үчүн кандай иш аракеттер жасалышы керектиги тууралуу жыйынтыктар чыгарылат. Бул жыйынтыктардын негизинде тийиштүү мекемелерге жарандык иденттүүлүктү чыңдоо үчүн сунуштар киргизилет. Мунун албетте мамлекеттин бүтүндүгү үчүн саясий, экономикалык жана социалдык мааниге ээ экендигин айта кетүү зарыл. Изилдөөнүн  натыйжасы “Кыргыз Республикасында элдин биримдиги жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын” ишке ашырууга көмөктөшөөрү шексиз. Ошол эле учурда иденттүүлүк жана иденттешүү маселелери боюнча Кыргызстанда жасалып жаткан изилдөөлөргө да илимий жактан салым кошот деген ойдобуз. 

-Жалпы жарандык иденттүүлүктүн мамлекеттин бүтүндүгүндөгү, биримдүүлүгүндөгү жана туруктуулугундагы ордун аныктоо; жарандык иденттүүлүктүн маанилүүлүгүн коомдун кабылдоосун талдоо; мамлекеттүүлүк концепциясынын толугу менен иштелип чыгуусунда жана ишке ашуусунда жарандык иденттүүлүктүн калыптандырылышы үчүн сунуштарды;  

-Кыргызстан коомундагы жалпы жарандык иденттүүлүктүн калыптануу жараянын жана азыркы абалын изилдөөнү негизинде сунуштарды;

-Өлкөбүздө этностор аралык биримдикти чыңдоо жана жарандык иденттүүлүк сезимин өнүктүрүү үчүн жаңы моделдерди иштеп чыгуу максатында КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ЖАЛПЫ ЖАРАНДЫК ИДЕНТТҮҮЛҮК МАСЕЛЕЛЕРИ (СОЦИОЛОГИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨ) социологиялык изилдөөсү жүргүзүлгөн.