КУТТУКТОО
2025-11-28 | Жаңылык

БӨЛҮМДҮН МИССИЯСЫ
Мамлекеттер аралык саясий, эконмоикалык, маданий байланыштар күн сайын артып бара жаткан доордо кыргызча-түркчө, кыргызча-англисче, орусча-түркчө багыттарында тилдер аралык кош тараптуу жазма жана оозеки котормолорду жүргүзө ала турган, билимдүү, маданияттуу жана өз кесибинин компетенттүү адиси катары эмгектене ала турган синхрондук котормочуларга болгон талаптардан улам Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин алкагында үч түрдүү бакалавр программалары ачылган. Анын негизинде бөлүм Кыргызстан, Түркия, түрк дүйнөсү менен катар башка өлкөлөрдөн келген студенттердин котормо багытында билим алуулары үчүн керектүү чөйрө түзүүнү; заманбап билим берүү ыкмаларын колдонуу менен түрдүү багыттардагы котормо тармагы жана эл аралык кызматташууларда иш алып бара ала турган, маданияттар аралык байланышты камсыздай ала турган кызматкерлерди өстүрүүнү өз алдына максат кылып койгон.
КЕЛЕЧЕККЕ КӨЗ КАРАШЫ
Дүйнөлүк жана түрк дүйнөсүнүн илимий, маданий тажрыйбаларын колдонуу менен билим берүү аркылуу өз маданиятын алга сүрөп, маданий ар түрдүүлүккө толеранттуу мамиле кылган, эмпатия сезими жогору, дүйнөлүк универсалдуу адамзаттык баалуулуктар боюнча иш жүргүзгөн, өз өлкөсүнүн жана түрк дүйнөсүнүн өсүп-өнүгүүсүнө салым кошкон, түрк дүйнөсү менен башка маданияттардын ортосунда маданияттар аралык байланышты камсыздай ала турган кесипкөй адистерди өстүрүүгө байланыштуу иш-аракеттерди жүргүзүү.
МАКСАТЫ
БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН ЖУМУШКА ОРНОШУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ
Синхрондук котормо багытын бүтүргөн котормочуларга котормого байланыштуу түрдүү тармактар менен катар тил, адабият, тарых, көркөм өнөр, фольклор жана башка да көптөгөн илим тармактарында, мамлекеттик жана жеке менчик сектордо жумушка орноштуруу боюнча талаптар күн санап артууда.
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Синхрондук котормо бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү Кыргызстан менен Түркия мамлекеттери менен бирге башка өлкөлөрдөгү мамлекеттик жана жеке менчик мекемелерде, билим берүү борборлорунда, китепканаларда, жеке компанияларда, туристтик фирмаларда ж.б. көптөгөн жерлерде жумуш менен камсыз боло алышат. Азыркы учурда бөлүмүбүздүн бүтүрүүчүлөрү дүйнөнүн көптөгөн өнүккөн өлкөлөрүндө котормо жана башка тармактар боюнча да үзүрлүү эмгектенип келишүүдө.
БӨЛҮМДҮН ТАРЫХЫ
Синхрондук котормо бөлүмү алгач 1997-98-окуу жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Чет тилдер жогорку мектебинин алкагында ачылган. 2012-жылга чейин аталган жогорку мектептин алкагында билим берүү иштерин жүргүзгөн. Ал эми 2012-2013-окуу жылдан тарта Гуманитардык факультетке карап, кыргызча-түркчө, кыргызча-англисче, орусча-түркчө программалары боюнча билим берген бөлүм катары иш жүргүзүп келет.
2014-жылдан тарта Коомдук илимдер институтунун карамагында «Котормо таануу» багыты боюнча магистратура программасында билим берилип келүүдө.