2020-02-19


2020.02.19: SMARTCAT ПРОГРАММАСЫ КОТОРМОЧУЛАР ҮЧҮН


13 февральда 2020 жылы КТУ Манасстын, Синхрон котормо бөлүмүнүн, кыргызча –англисче прогаммасынын студенттери: Иманалиева Айдай, Айдарбек кызы Айсулуу, Нурбекова Жылдыз,Авазбекова Элиза, жана Эсенбаева Каныкей бөлүмдүн доценти ф.и.к Мамбаева Салтанаттын жетектөөсү астында «Компьютердик каражаттарды Смарткэт прогаммасынын негизинд котормону автоматташтыруу» аттуу мастер-класска катышып ийигиликтүү аяктап сертфикатарга ээ боло алышты.

Бул мастер-классты  Кусейин Карасаев атындагы, Бишкек Гуманитардык Университетинин негизинде, котормо жана котормо таануу кафедрасынын жетекчиси ага окутуучу Жумакеева Эльмира уюштурду.

Кыргызстандагы белгилүү «Тranslator.kg» аттуу компаниянын негиздөөчүсү жана жетекчиси, Кыргызстандагы Котормочулар Биримдигинин мүчөсү жана фрилансер Семен Ахромеев өз тажрыйбасы менен жана Smartcat программасы менен дагы студенттерди тааныштырды жана алар менен бөлүшүп өзүлөрүнүн кесибине кызыкчылыгын дагы өстүрө алды десе болот. Азыркы учурда машина котормо деп айтып жүрөбүз, бирок көп котормочулар өйдөтө айтылган Smartcat программасын колдоно элек. Студенттер биздин котормочулукка абдан пайдалуу жана заманбап программа экендигин айтып келишти!