2020-02-27


2020.02.24 : ОКУТУУЧУЛАРЫБЫЗ АРДАК ГРАМОТА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ


Синхрондук котормо бөлүмүнүн Кыргызча-Түркчө программасынын окутуучулары PhD  Жылдыз Алимова жан PhD Дөөлөтбек Эшкенов кыргыз тилинин окутулушу жана жайылтылышына кошкон салымдары үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан Ардак грамоталар менен сыйланышты. Аталган окутуучуларга сыйлыктарды  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы п.и.д., проф. Назаркул Ишекеев өз колу менен тапшырып, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин кыргыз тилинин өнүгүшүнө чоӊ салым кошуп жаткандыгын баса белгилеп, сыйлык ээлеринин иштерине ийгиликтерди каалады.  

Биз да кесиптештерибиздин сыйлыктары менен куттуктап, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалайбыз!