2020-03-10


2020.03.06: БӨЛҮМ СТУДЕНТТЕРИ МЕНЕН ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮЛДҮ


6-мартта Синхрондук котормо бөлүмүндө окуган студенттер менен жалпы жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Синхрондук котормо бөлүмүнүн бөлүм башчысы, окутуучулары жана студенттери катышты. Жыйында студенттердин окуу программасы, сабактардын жадыбалы жана тарбия иштери боюнча суроолору жана пикирлери айтылды. Окутуучулар тарабынан тиешелүү түшүндүрмөлөр берилип, кезектеги иш-чаралар белгиленди.