2020-04-06


2020.04.06: БӨЛҮМ ОКУТУУЧУСУ ЭЛ АРАЛЫК ДОЛБООРГО КАТЫШУУДА


Синхрондук котормо бөлүмүнүн ага окутуучусу, ф.и.к. доц. Аида Касиева Германиядагы Саарланд университетинин профессору Элке Тайк менен бирге «The Kyrgyz Corpus (2019-04-18), powered by CQPweb» корупусунун алгачкы моделин түзүп чыгышты. Корпустун конструкциясы Саарланд университетинин компьютердик лингвисттери  Йөрг Кнаппен жана Стефан Фишер тарабынан жүзөгө ашырылды.

Аталган корпуска алгач 84 текст жайгаштырылды жана жалпы 1 205 888 сөздү камтыйт жана Саарланд университетинин CLARIN-D лицензиясына ээ болуп, Dublin Core and CMDI (Broeder et al., 2011) форматында түзүлгөн.

Корпустун тексти Apertium toolkit (Washington et al., 2012) модели аркылуу Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин синхрондук котормо бөлүмүнүн магистранттары жана Кыргызча-англисче программасынын студенттери тарабынан түзүлдү. 

Кыргыз тилинин корпусунун бет ачары 2020-жылдын 4-мартында Германиянын  Гамбург университетинде (Deutschen Gesellschaft für Sprachwissenschaft) Немис тил илими коомчулугу уюштурган конференцияда проф. Эльке Тайк жана компьютердик лингвист Йөрг Кнаппен тарабынан постер форматында сунулду. Кыргыз корпусунун постери конференцияда көптөгөн илимпоздордун кызыгуусун арттырды.

Окутуучубуз ф.и.к. доц. Аида Касиеванын эл аралык деӊгээлдеги бул долбооруна ийгилик каалайбыз!