2022-03-30


ОКУТУУЧУЛАРЫБЫЗ ОКУТУУ УСУЛДАРЫ БОЮНЧА ТРЕНИНГ ѲТҮШТҮ


2022-жылдын 29-мартында Синхрондук котормо бөлүмүнүн Кыргызча-англисче программасынын окутуучулары  ф.и.к., доц. Салтанат Мамбаева жана Мээрим Киналиева Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетине караштуу Кесиптик колледждеги Котормо бөлүмүнүн окутуучуларына "Котормо теориясы жана практикасын окутуунун негизги усулдары” деген аталыш менен практикалык семинар-тренинг өткѳрүштү.  Аталган семинарга катышкан окутуучулар кыргыз тилинен англис тилине оозеки жана жазуу түрүндө которуу жаатында тажрыйба алмашуу жана котормочуларды даярдоодо колдонулган усулдук ыкмаларды уйрөнүү абдан пайдалуу болгондугун белгилеп, окутуучуларыбызга терең ыраазычылык билдиришти.