2022-09-21


ОКУТУУЧУЛАРЫБЫЗДАН СЕМИНАР


К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети  жана Кыргыз-Түрк "Манас" университеттеринин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун ишке ашыруу алкагында 2022-жылдын 15-16- сентябрында  Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Гуманитардык факультетине караштуу Синхрондук котормо бөлүмүнүн профессордук- окутуучулар курамынын өкүлдөрү ф.и.к., доц. Аида Касиева жана ф.и.д., доц. Гульнура Джумалиева тарабынан "Тилдерди окутуунун жаңы технологиялары" аттуу семинар өткөрүлдү. Окутуучулар менен бирдикте Синхрондук котормо бөлүмүнүн магистранттары Айзат Кадырбекова, Айжан Сатыбекова жана Сейде Мусажанова тарабынан да кызыктуу баяндамалар сунулду. Семинарда окутуучулар тилдерди окутууда интернет программаларын колдонуу жана тилдерди изилдөөдө статистикалык методдорду колдонуунун жаңы ыкмаларын үйрөтүштү. Ошону менен катар, кыргыз тилинин корпусу тууралуу кеңири маалымат берилди.