2023-05-23


СТУДЕНТТЕРИБИЗДИН ЖЕӉИШИ!


2023-жылдын 12-13-майында И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык университеттин (КМТУ) негизинде Datathon II аттуу конкурс өткөрүлдү. Бул жолку дататон “Жасалма акылга кыргызча окуганды үйрөт” деген темада иш алып барды. Эки күн бою өткөрүлгөн иш-чарага жалпысынан Кыргызстандан, Казахстандан жана Россиядан келген 169 катталуучу катышкан жана алардын арасынан 110 киши өтүп, 22 тайпа түзүлгөн. Булардын катарына  ошондой эле Бишкекте маалымат   технологиялары менен алектенген бир канча университеттер жана компаниялар да кирген.

Бул конкурстун негизги максаты –жасалма акылды кыргызча окууга үйрөтүү болду. Ал эми тапшырма кыргызча сөздөрдү морфемаларга, б.а. уңгу мүчөгө ажырата турчу модель түзүү болгон. Мисалы: аталар -> ата - ROOT, лар - AFFIX.

Иш-чаранын уюштургандар Кыргыз Республикасынын Жогорку Технологиялар Паркы, Bilim Do, The Cramer Project, КГТУ жана КР ЖТПнын резиденти Ulut Soft компаниялары болушту. Хакатондун башкы өнөктөшү жана демөөрчүсү UlutSoft тарабынан 1000$ утушка коюлду.

Конкурстун жыйынтыгында жалпысынан 130 аткарылган тапшырма жүктөлдү жана алардын ичинен сөздөрдү эң так талдаган биринчи 3 жеңүүчүнүн иши текшерүү үчүн автоматтык түрдө F1 метрика score колдонулду.

Натыйжада, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Гуманитардык факультетине караштуу Синхрондук котормо бөлүмүнүн кыргызча-англисче программасынын 1- курсунун студенттери Акылай Мусаева, Бурулсун Калыйбекова, Бегайым Маматовалар Россиядан келген Иван Ниненко ("Teach for KG/Заманбап Мугалим" фонду, билим берүү программаларынын директору) жана Ильдар Белялов (ML Engineer) менен биргеликте “Мурас” тайпасын түзүп, бул жолку дататондун жеӊүүчүлөрү деп табылды.

Баса белгилей кетүүчү нерсе, бул иш-чарада жалпысынан бөлүмүбүздөн 8 (сегиз) студентибиз Manas-UdS корпусу багытында жүргүзгөн тажрыйбаларын көрсөтө алышкан.  

Жеңүүчүлөр:

1. «Muras» - 98.1% F1                              КТМУ

2. «Attention» - 94.9% F1                         КМТУ

3. «Devs» - 93.7% F1        ИНАИ (Кыргыз-Герман колдонмо информатика институту)

Студенттерибизди жана программисттерди жеңиши менен куттуктайбыз!