2023-05-24


«ТЕАТРГА САЯКАТ»


Түркия республикасынын 100 жылдык мааракесине жана Синхрондук котормо бөлүмүнүн Кыргызча-англисче программасынын 15 жылдыгына арналган «Театрга саякат» аттуу иш чара 27 апрель 2023-ж. Гуманитардык факультетине караштуу Синхрондук котормо бөлүмүнүн Кыргызча-Англисче программасы тарабынан уюштурулду. Иш чаранын алкагында Кыргызча-англисче программанын 1, 2 жана 3 курстарынын студенттери классикалык чыгармаларды Англис тилинде аткаруу аркылуу (Ги де Мопассандын «Асыл шуру» чыгармасы, У.Шекпирдин Сонеттери ж.б.) англис тили, котормо жана маданияттар аралык баарлашуу багытында өздөрүнүн билимин жана актёрдук чеберчилигин көрсөтө алышты. Ошондой эле, тил жана маданиятка басым жасалган иш-чара Синхрондук котормо бөлүмдүн бүтүрүүчүлөрүнө «Кош бол бүтүрүүчү!» иш чарасы катары уюштурулган.

Жооптуу уюштуруучулар:

Ил.док., ага окутуучу Гульнур Жумалиева, Доц.ага окутуучу Аида Касиева, жана окутуучу Мээрим Киналиева.