2016-11-03


ПРОФ. ДОКТ. ЛАЙЛИ ҮКҮБАЕВАНЫН СТИПЕНДИЯСЫ


2016-жылдын 26-октябрында К.Тыныстанов атындагы конференция залында Гуманитардык факультеттин 1-курстарына карата "Кош келгиле, 1-курс!" аттуу маданий иш-чара уюштурулду. Иш-чаранын алкагында Гуманитардык факультеттин түрдүү бөлүмдөрү менен программаларынын эң мыкты окуган студенттерине Гуманитардык факультеттин деканы проф. док. Лайли Үкүбаева тарабынан "Ийгилик стипендиясы" берилди. Аталган стипендияга Синхрондук котормо бөлүмүнүн атынан Кыргызча-англисче программасынын 3-курсунун студенти Бермет Кожошева татыды.