2018-12-25


СТУДЕНТИБИЗ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАБЫЗ!


2018-жылдын 22-декабрында КР Жогорку Кеӊешинин депутаты Мавлянова Махабат Эргешовнанын демилгеси менен уюштурулган «Идеология менин көз карашым боюнча» аталышындагы долбоордун алкагындагы республикалык сынактар жыйынтыкталып, аталган сынакка катышкан Гуманитардык факультетинин Синхрондук котормо бөлүмүнүн Кыргызча-түркчө программасында билим алып жаткан 4-курстун студенти Эржан Байкулов 3-орунга ээ болду. Эржан Байкулов атайын диплом жана смартфон менен сыйланды.

«Идеология менин көз карашым боюнча» долбооруна 200 долбоор сунушталган. Алардын арасынан 11 долбоор гана финалга чыккан.