2019-01-16
Котормо таануу: терминдердин кыскача түшүндүрмө сөздүгү
2018-жылдын декабрь айында Гуманитардык факультеттин Синхрондук котормо бөлүмүнүн ага окутуучусу ф.и.к. Калия Кулалиеванын демилгеси жана жетекчилиги астында «Котормо таануу: терминдердин кыскача түшүндүрмө сөздүгү» аталышындагы эмгеги жарык көрдү. Сөздүк котормо жаатында билим алган студенттер үчүн кошумча окуу куралы болуп эсептелет. Кесиптешибизди жаңы эмгегинин жарык көрүшү менен куттуктап, ишине ийгилик каалайбыз.
![](http://dep.manas.edu.kg/img/pics/46/46_5c3f9657ab1b0.jpg)
![](http://dep.manas.edu.kg/img/pics/46/46_5c3f966ce3f00.jpg)