2019-02-14


СТУДЕНТИБИЗ ДАГЫ БИР ЖОЛУ ИЙГИЛИК ЖАРАТТЫ


2019-жылдын 9-10 февраль күндөрү Котормочулук бөлүмүнүн Кыргызча-түркчө программасынын IV курсунун студенти Эржан Байкулов Кыргызстандагы Дебат борбору тарабынан уюштурулуп, Казакстан жана Кыргызстан жаштарынан турган 24 команда (48 катышуучу) катышкан эл аралык дебат жарышында биринчи орунду ээлеп, жеӊүүчү деп табылды. Студентибиз менен сыймыктанабыз жана мындан аркы жашоосунда да албан ийгиликтерди каалайбыз.